Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай райондук профсоюз комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

2015-жылдын 10-март күнү Кадамжай райондук профсоюз комитети отчеттук кайра шайлоо конференциясын өткөрдү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Баткен областтык билим беруу профсоюз комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен областтык профсоюздар кенешинин төрагасы А.Казаков, Ош областтык билим беруу кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы С.Тойгонбаев, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Т.Илязова, Кадамжай шаардык кенешинин төрагасы Б.Бегалиев, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А, Ганыбаев жана 89 делегат катышышып, кун тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:

1.Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук          комитетинин 2010-2015-жылдарда аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуу

2.Райондук комитеттин текшерүү комиссиясынын маалыматын угуу,

3.Кадамжай райондук профсоюз комитетинин жаны курамын жана           текшерүү комиссиясынын жаны курамын шайлоо,

4.Кадамжай райондук профсоюз комитетинин төрагасын шайлоо.

5.Кадамжай райондук профсоюз комитетинин президиумунун жаны          курамын бекитүү.

 

Конференциянын жыйынтыгында Кадамжай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Нурмаматовдун иши канаатандырарлык деп табылып бир добуштан  кайра шайланды. Конференцияда А.Токтогулов кенири сөз сүйлөп билим илим тармагындагы аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.