Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда талеранттуулук жөнүндө мугалимдер жана окуучулар арасында тренинг өткөрүлдү

Тынчтык  демилгелери  Коомдук  Бирикмеси  Кыргыз  Республикасынын   АКШ  элчилигинин  демократиялык  комиссиясынын  колдоосу  астында  “Биргелешкен  күч-аракеттер    аркылуу  улуттар  аралык  диологду  жана  этникалык  теӊдикти  бекемдөөгө көмөк  көрсөтүү”  долбоорунун  алкагында  иш  чара  өткөрүлдү.

Талеранттуулук,  конфликтологиянын  негиздери   жана   окутуунун  интерактивдүү ыкмалары, тарбиялык  сааттарын  иштелмелерин  иштеп  чыгуу  темасында  тренинг  өткөрүлдү.

Жалпысынан  6 мектептен  3төн  мугалимдер  тандалып  алынган.  А.Орозбеков  атындагы орто мектебинин  мугалими  Сапарбек  кызы  Айпери  “Улуттар  аралык  достукту  бекемдөө  ар  бирибиздин  милдетибиз”  деген  темада  ачык  тарбиялык  саат  өтүп  берди.

Сабак  мезгилинде  окуучулар  башка  улуттардын каада  салттары, кийимдери, тамак-аштары  боюнча  маалымат  айтышты. Класстер  түзүшүп, топторго  бөлүнүп  дискусия  болду.  Алдей  айтуу, бешикке  болоо, ат коюу ырым  жырымдарды  айтып  өтүштү. Сабак  жогорку  деӊгээлде  өттү.

                                                                         Даярдаган:  А.Ф.Исаевна