Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын желегинин кабыл алынгандыгынын 26 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди

     Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан жарыяланган «Региондорду өнүктүрүү жылынын»  иш чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын желегинин кабыл алынгандыгынын 26 жылдыгы  салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Ж.Исаков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Гайбуллаев, мекеме ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар, мектеп окуучулары жана жаштар катышышты. Желек күнүнө арналган жыйынды райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Ж.Исаков ачып, жыйын КРнын гимни менен башталды. Андан соӊ райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Гайбуллаев  иш чаранын катышуучуларын жана мектеп окуучуларын желек куну менен куттуктап, желегибиздин атрибуттарына токтолуп,  жаштарды патриоттуулукка үндөп, желегибизди ар тараптуу дүйнө жүзүнө желбиретүүгө чакырып өттү.

 Иш чара райондук мамлекеттик админстрациясы жана билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп жогорку деӊгээлде өткөрүлдү. Майрамдык  жыйындын жүрүшүндө жаштар тарабынан концерттик программалар аткарылып, жоо жүрүш уюштурулду.

    Иш чаранын максаты жаштарды патриоттуулукка, мамлекеттик симболдорду сыйлоого чакыруу. Айта кетсек, КРнын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кенештин токтому менен бекитилген.