Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районуна караштуу мектептерде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 31 жылдыгы онлайн өткөрүлдү.

   Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы мектептерде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү азыркы кырдаалга байланыштуу онлайн формата белгиленди.   Кадамжай районуна караштуу  №5 «Солнышко» б.б, «Жийделик» т.э.о.м, «Күлдү» о.м, Достук о.м, С.Тешеев а.о.м, №21 Кан, Б.Примов, Чоӊ-Кара о.м, Ш.Жээнбаев а.о.м, Манас-Ата о.м,  «Акжол-Камбаров» а.о.м,  №19 Б.Садыков, №20 Орозбай Маканов жана башка  мектептерде 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата  иш-чара аралыктан өткөрүлдү.

Иш-чара Zoom программасы аркылуу уюштурулуп, кыргыз тилинин гимни менен башталды. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мектептердин аткарып жаткан иштери жана ийгиликтери тууралуу видеосюджет кыргыз тили мугалимдери тарабынан даярдалып, көрсөтүлдү. Мугалимдер,окуучулар тарабынан жасалган буклеттер, дидактикалык материалдар, дубал гезиттер, видеороликтер, аудиоаңгемелер, монолог, көркөм окууларды айтып, активдүү катышышты. Атайын кыргыз тил бөлмөсү жасалгаланып, иш-чарадан сырткары офлайн режимде сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө аралыктан мактоо баракчалары ыйгарылды.

   Материалды даярдаган Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Кадамжай райондук комитетинин уюштуруучу адиси:

Кошатова Айзирек Сүйүновна.