Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Искусство факультетинде Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси белгиленди

ОшМУнун искусство факультетинде белгилүү, залкар ырчы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесине арналган илимий-чыгармачылык концерти тартууланды.

Кечеге ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.Анарбаева, искуcство факультетинин деканы К.Курбанбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алыбаев, профессор Т.Кадырбаева, факультеттин окутуучулар, студенттер жамааты, атайын келген коноктор катышышты.

Алгач кечени уюштурган искусство факультетинде декандын илимий иштери боюнча орун басары А.Нурбаева белгилүү ырчы Мыскал Өмүрканованын өмүр жолу, чыгырмачылыгына токтолуп, атайын даярдалган видео материалды көрүүчүлөргө тартуулады.

Мыскал Өмүрканованын кайталангыс талант экендиги кең диапазондуу коңур үнү менен байланыштуу экендигин, “Алымкан”, “Ак бермет” “Ой булбул”, “Катка жооп” жана башка ырларын мыкты чеберчилик менен аткаргандыгын, Москвадагы атактуу Чоң театрда айтылуу “Алымкан” ырын аткарганда Иосиф Сталин баштаган чоң зал баары туруп кол чапкандыгын айткан КРнын эл артисти Жолболду Алыбаев комуздун коштоосунда “Кызыл гүл” ырын аткарып берди. Ошондой эле сөзүн жыйынтыктап жатып Мыскал Өмүркановага жараткан тарабынан кайталангыс үн берилгендигин баса белгилеп өттү.

Кече концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга Мыскал Өмүрканова тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Белгилей кетсек, Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесин белгилөө боюнча атайын өкмөттүн буйругу чыккан, бул багытта искусство факультетинде Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыган карата бир айлык жарыяланып, өмүрү чыгармачылыгы тууралуу тарбиялык сааттар өтүлүп жатат. Концерттик программа элдик музыкалык аспаптарды аткаруу жана ырдоо кафедрасынын доценти Б.Абдувалиевдин “Салтанат” аттуу фольклордук оркестринин коштоосунда өттү.