Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Иштиктүү семинар

2013-жылдын 30-майында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинде райондук, шаардык комитеттердин, окуу жайлардын, жана обкомго түз баш ийген баштапкы профсоюз уюмдарынын казыначыларынын семинары болуп өттү.

Семинарды обкомдун төрагасы К.Мурзакматов ачып, анын максаты жана милдеттери менен тааныштырды.

Семинардын ишине катышкан 15 казыначыга жүргүзүлүүчү финансылык документтер боюнча А.Алиева (Жалал-Абад), А.Исмаилов (Сузак) билдирүүлөрдү жасашты. Алар маселе боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Жер-жерлерден келишкендер суроолорду беришип, өз ойлорун ортого салып, эркин талкуу уюштурулду.

Семинардын экинчи бөлүгүндө Жалал-Абад облустук кеъешинин башкы бухгалтери С.Келдибаева жолдомолор менен иш жүргүзүүнүн эрежелери боюнча жана талап кылынуучу документтер боюнча түшүндүрмө берди. Обкомдун текшерүү комиссиясынын төрагасы К.Сыргабаев райшааркомдордо ишти уюштуруунун жолдору жана текшерүү комисиясынын жообосуна   токтолду.

Семинардын ишин обкомдун төрагасы К.Мурзакматов алып барды жана жыйынтыктап сөз сүйлөдү.

Катышуучуларга практикалык-методикалык багыттагы документтердин топтомдору берилди.

 

                                                    Обкомдун финансы бөлүмү