Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Иштиктүү аракеттер жасалууда

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитети өзүнүн курамына 96 баштапкы уюмду бириктирип турат.

     Райондук комитет өзүнүн ишмердигинде «Профессионалдык союздар жөнүндө», «Жамааттык келишимдер жөнүндө», «Социалдык саясат тармагындагы социалдык өнөктөштүк маселелери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизинде иш алып барууда.

     Убакыт өткөн сайын билим берүү уюмдарынын тармагы кеңейип барууда. Алсак, учурда райондо 65 мектеп, 28 балдар бакчалары, спорт мектеби, балдар чыгармачылык борбору жаштарга заман талабына жараша татыктуу тарбия, билим берүү саясатын жүзөгө ашырууда.

      2015-жылы гана 13 бала бакча ачылып, райкомдун тейлөөсүнө кабыл алынды.

      2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин профсоюз мүчөлөрүнүн катарын өстүрүү (мотивация) боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлдү. Акыркы беш жыл ичинде профсоюз уюмунун катары 74төн 96га өсүп, мүчөлөр 2 780ден 3 500ге чейин көбөйдү.

       Айрыкча, профсоюз уюмдарынын катарын толуктаган жаш мүчөлөрдүн лидер болуп өсүп жетишине  өзгөчө көңүл бурулууда.

       Райком тарабынан Уставдын талаптары так сакталып, жетекчиликке алынып иш жүргүзүлүүдө. Акыркы үч жылда 3 пленум, 12 жолу президиумдун жыйындары өткөрүлүп, анда 40 жакын учур талабына шайкеш келген маселелер талкууланды. Аларда баштапкы уюмдардын ролун көтөрүү, мүчөлөрдүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча аракеттер жүргүзүлүүдө.

       Райком тарабынан билим берүү кызматкерлеринин ден  соолугун чыңдоо боюнча пландуу иштерди жүргүзүп келет. Өткөн жылы гана 80ден ашык билим берүү кызматкерлери курорт, санаторийлерде саламаттыгын чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты. Аларга «Жалал-Абад», «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Ала-Тоо», «Арстанбап» сыяктуу пансионаттарга 295 миң сомдук жолдомолор сатып берилди.

       1400 ашуун профсоюз мүчөлөрү кыска мөөнөттүү сапар менен «Арстанбап», «Сары-Челек», «Кара-Шоро», «Падыша-Ата» сыяктуу тарыхый - маданий жайларга барып эс алуу уюштурулду.

       Мындан тышкары мугалимдердин балдары үчүн эс алуу борборлоруна жолдомолорду бөлүштүрүү да колго алынган. Мындай жолдомолор менен 77 окуучу ден соолугун чыңдашты.

       Райком райондук билим берүү бөлүмү менен бирдикте «Жылдын мыкты мектеби», «Жылдын мыкты профсоюздук уюму», «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты бала бакчасы» сыяктуу сынактар өткөрүлүп келет. Аларга профсоюз тарабынан зарыл колдоолор көрсөтүлүп турат.

       Акыркы жылдары үч тараптуу макулдашуулардын жыйынтыгы менен 2011-2015-жылдар аралыгында 35 мугалимге турак-жай куруу үчүн участкалар бөлүнүп берилди. Бул багытта айыл округдары менен бирдикте иштиктүү аракеттер жүргүзүлүүдө. Акман, Кеңеш, Базар-Коргон айыл округдарынын жакшы иштерин белгилеп кетүү керек деп ойлоймун.

       Профсоюз мүчөлөрүнүн аялуу катмарлары үчүн материалдык жардам берилүдө. Акыркы үч жыл ичинде бул максатта 144 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

       Райондук комитет өнөктөштөр менен бирдикте мындан ары да профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө аракеттерин жасай бермекчи.

 

        Калимбетов Б. билим берүү жана илим кызматкерлеринин                      профсоюзунун Базар-Коргон райкомунун төрагасы.