Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Иш берүүчүлөр менен профсоюздук активисттердин кызматташтыгына арналган семинар

      Билим, илим кызматкерлеринин Ош областтык профсоюз комитети тарабынан 2016-жылдын 21-сентябрында «Баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын жана иш берүүчүлөрдүн укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү билимдерин жогорулатуу- учурдун талабы» деген темада уюштурулган окуу-семинар алыскы Чоӊ-Алай районунда болуп өттү. Семинардын ишине Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы адиси Э.Т.Ажиматов, башкы эсепчиси Б.К.Абдыкалыков жана райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, борборлоштурулган эсепкананын кызматкерлери, мектеп директорлору, балдар бакчаларынын башчылары, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага,төрайымдары катышты.

      Окуу-семинар Алайчы уулу Саит атындагы орто мектебинин базасында өткөрүлдү.

      Семинардын катышуучуларына билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин башкы адиси Э.Ажиматов, башкы эсепчиси Б.Абдыкалыков тарабынан «Иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери», «Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо», «Кадрдык кызматтын иш кагаздарынын уюштурулушу жөнүндө», «Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана 2-3 тараптуу жамааттык келишимдер жөнүндө», «Кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгаруу», «Убактылуу ишке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык сөөк коюу боюнча пособиянын төлөнүшү жөнүндө» деген темаларда билдирүүлөр жасалып, кеӊири түшүнүктөр берилди.

       Семинардын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөндөр бул семинардын абдан кызыктуу жана пайдалуу болгондугун айтышып, ушундай семинарларды тез-тез уюштуруп, өткөрүп турууну суранышты. Семинардын иши баштан аяк суроо-жооптор менен коштолуп, жогорку деӊгээлде өттү.