Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Иш кагаздарды жүргүзүү боюнча семинар

Билим жана илим кызматкерлеринин Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан "Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын иш кагаздарынын туура толтурулушу жана номенклатурасы" деген темада семинар өткөрүлдү. Семинар Кызыл-Кыя шаарындагы У.Гулматов атындагы №9 орто мектепте өттү. Семинарга шаардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышып, жылдык иш-пландын туура түзүлүшүнө кеңири токтолуп, талкууга алышты. Иш кагаздарынын туура жүргүзүлүшү, колдонулушу жана аларды сактоо мөөнөтү боюнча Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы Ү.Абдиева кеңири маалымат берди.  Семинар көрсөтмө куралдар, фото-слайддар менен коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кызыл-Кыя шаардык комитети