Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ИЛИМДИН ДОКТОРЛОРУНАН КОНОК ЛЕКЦИЯ

Студенттер - тажрыйбалуу илимпоздордон сабак алышууда...

Тажрыйба алмашуу, билим берүүнү жакшыртуу жана билим сапатты  жогорулатуу максатында ЖОЖдор арасында мобилдүүлүк программасы ишке ашып, жемиштүү натыйжасын көрсөтүп келүүдө. Аталган программага ылайык И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессорлору география илимдеринин доктору Абжапар Эргешов, КРдин илимимне эмгек сиңирген ишмер, география илимдеринин доктору Темирбек Чодураев жана Ош мамлекеттик университетинин профессору география илимдеринин доктору Курманаали Матикеев Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна келип, студенттерге лекция окушту.

Бул иш чара окуу жайдын  Табият таануу жана география факультетинде уюштурулуп, география адистигинде билим алып жаткан студенттер бул лекцияда жалпы география жана анын көйгөйлөрү туурасында жаңы түшүнүктөргө ээ болушту. Мындан тышкары  бир топ суроолордун үстүндө талкуу жаратышып, профессорлор сабак өтүүнүн усулдары боюнча да маалымат беришти.

Андан соң коноктор факультеттин окутуучулар жамааты менен жолугушуп, эркин маек курушту. Мында илим жолундагы ийгиликтер, илимий даражага ээ болууда көрсөткүчтөр тууралуу пикир алышып, ортодогу байланышты бекемдөө иретинде мындан ары да тыгыз иш алып баруу керектигин белгилешти.

Мезгилге жараша талап өсөт, ал эми талапка жараша татыктуу билим алуу зарыл. Андыктан жаштарга татыктуу билим берүүдө профессор окутуучулардын ролу чоң экендиги талашсыз. Белгилеп айтсак окуу жайда бул сыяктуу тажрыйба алмашуу иштери салтка айланып бардык адистиктер боюнча конок лекциялар уюштурулуп келүүдө.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу