Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Гүл - жүрөктү кубантат

Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде жаздын келиши менен айлана тегеректи көркөмүнө көрк кошкон гүлдүн түрлөрүн колдо жасоо, чечмелеп берүү максатында «Гүл - жүрөктү кубантат» деген темада класстараралык сынак көргөзмөсү уюштурулду. Бул сынақ окуучуларды эмгекке тарбиялоо менен гүлдүн түрлөрүн үйрөнүү жаратылыш менен таттуу мамиледе болууга үндөдү. Себеби окуучулар кайсыл гүлгө кандай кам көрүш керек, кантип өстүрүш керек экендигине да кенен токтолуп өтуштү. Сынактын жыйынтыгында 9-класстын окуучулары биринчи орунду ээлешип, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин төрайымы Н.Сейдилова