Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Финансылык билимдерин өркүндөтүштү

             2016-жылдын 5-7-август  күндөрү Жалал-Абад  облустук  комитетинин  иш  планына  ылайык  Арстанбап  пансионатында  райшаарлардын  төрагалары  жана казначыларынын катышуусунда семинар  өткөрүлдү.

            Семинарды   облустук  комитеттин  төрагасы  А.А.  Исмаилов  ачып, алдындагы милдеттер  жана  максаттарга токтолду. Облустук  комитеттин  финанса  бөлүмүнүн  башчысы З.Сулайманов  Борбордук  Комтеттин  жаңы  финансалык  саясаты  боюнча  толук  маалымат берди. Маалыматтар катышуучулар  тарабынан  кызуу  талкууланып, суроо  жооптор  менен  бекемделди.

          Семинардин  2-күнүндө Эмгекти  коргоо  маселелеринин  мыйзамдык  негиздери жөнүндө  облустук  комитеттин  тескөөчүсү А. Бабакулов бидируу  жасады. Ал усулдук маалыматтардын  негизинде  китепче  даярдалышын маалымдады. Баштапкы  кесиптик  уюмдарда эмгекти  коргоо  чараларын  уюштуруу  боюнча Ноокен  райкомунун  тескөөчүсү А.Айдаров усулдук  материалдар  менен  тааныштырды. Райшааркодордун  иш  кагаздары, каттоодон  өткөрүүнү  уюштуруу, электрондук  маалыматтар  менен  иштөө жөнүндө обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн  башчысы  А. Бегматов токтолуп  өттү.

 Семинарды тажрыйба  алмашуу  жана  ой-пикир,сунуштарды угуп  А.Исмаилов  жыйынтыктады.

Материалды  даярдаган:  Ноокен райКБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров