Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Этно фотосессия" иш-чарасы өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университети Кыргызстандын Аялдар кеңеши бирикмесинин Ош өкүлчүлүгү менен биргеликте "Этно фотосессия" иш чарасын өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар улуттук кийимдерди кийип, обондуу ырлар ырдалып, искусство факультетинин жана индустриалдык-педагогикалык колледжинин дизайнерлеринин эмгектери көрсөтүлдү.

Маданий иш-чарага ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлүп, университеттин 85 жылдык мааракесине карата уюштурулду. Ага шаардагы ЖОЖдордон, медицина тармагынын аялдар кеңештеринен өкүлдөр конок катары катышты. "Этно фотосессия" иш-чарасы кыргыз улуттук кийимин аздектөө, барктуулугун көтөрүү, даңазалоо максатында өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУ кесиптик бирлик комитети