Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эстелик-белектер тапшырылды

Мектеп администрациясы менен кесиптик бирлик комитетинин биргелешкен иш чарасынын негизинде Э.Даникулов атындагы №24 жалпы орто билим берүүчү мектебинде Афганистандан Советтик аскерлеринин чыгарылышынын 35 жылдыгына жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата атайын иш чара өткөрүлдү.

Иш чарада баатырлыкты даңазалоо максатында конкурстар өткөрүлдү. Ошондой эле жаштарды патриоттук духта тарбиялоо боюнча аңгеме куруп беришти. Конокторго кесиптик бирлик комитети жана администрация тарабынан эстелик белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети