Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эс алууга дагы убакыт табылат

     2017 – окуу жылынын жазгы каникулунун 28 – мартында Талас райондук, шаардык билим берщщ кызматкерлеринин тармактык комитети менен билим берүү бөлүмү бирдикте мугалимдердин спорттук эс алуусу уюштурулду.

    Бул спорттук эс алуу Талас шаарындагы №2 орто мектебинин аймагында уюштурулуп, анда Талас шаарындагы 9 мектептин мугалимдери жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери спорттун 4 түрү боюнча өз  ара беттеш өткөрүштү. Волейбол, аркан тартыш, 800 метрге чуркоо, кол күрөш оюндары чоӊ кызыгуу, сүрөөндөрдүн алдында өтүп, волейбол оюнунда билим берүү кызматкерлери мыкты болуп чыкса, аркан тартышта №6 орто мектептин мугалимдер жамааты эч кимди алдына салган жок. Ал эми 800 метр аралыкта №8 орто мектеп алдыда болуп, кол күрөштө командалык эсеп бөлүндү болуп калды. Жалпы жыйынтык чыгарылып, №8 орто мектептин эмгек жамааты I орунду камсыздаса, II орунду №5 орто мектебинин жамааты, ал эми III орунду №6 орто мектеби ээледи. Мындан тышкары ар бир оюнда мыкты оюнчулар аныкталды. Байгелүү орундарды ээлеген эмгек жамааттарына кубок менен бирге тиешелүү грамоталар тапшырылды. Активдүү катышкандыгы үчүн ар бир мектептин жамаатына белектер берилди.

    Бул спорттук мелдешке Талас шаардык өспүрүмдөр спорттук мектебинин мугалимдери калыстык кылышты.

 

Талас райондук, шаардык билим берүү тармактык комитетинин төрайымы Батырбаева Фатима Асанжановна