Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эс алуу көңүлдүү өттү

Аксы районунуна караштуу Надыр Мамбетов мектебинин мугалимдери 2020-2021-окуу жылында Чычкан капчыгайында жайгашкан "Белес" эс алуучу жайында эс алып келишти. Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз эмеспи, көздүн жоосун алган асман тиреген карагайлар,булутка тийишип турган Ала-Тоонун чокулары,шаркырап аккан тунук суусу, мелтиреген чоптору, таза абасына эмне жетсин. Мына ушундай жаратылыш койнунда эс алуу жогорку деңгээлде болду.

Аксы райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков, комитеттин президиумдун мүчөлөрүн Ош областындагы Абшыр-Ата жергесине эс алууга алып барды. Жомоктогу кооздукту көрүп, абдан таң калтыра турган жер экен. Кыргызстанды кыдырып белгилүү болгон эс алуучу жайлардын көпчүлүгүн көргөзүүгө аракет кылган комитеттин төрагасына рахмат айтышты. Жаңы дем, жаңы күч менен жаңы окуу жылында жакшы ийгиликтерди жаратып иштөөгө шарт түзүп берген комитеттин төрагасына Сагын Камчыбековго ийгилик каалашты.

Аксы районуна караштуу Узенова атындагы Арча бешик мектепке чейинки билим берүүчү уюмунун жамааты касиеттүү Сары-Челек көлүнө эс алууга барышты. Эс алуу кесиптик бирлик мүчөлөрүнө абдан жакты. Эс алуу учурунда спорттук оюндар уюштурулуп, концерттик программалар өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр кесиптик бирлик уюму тарабынан сыйланышты. Райондук кесиптик бирлик уюму тарабынан 6200 сом, өздүк береке кассасынан 5000 сом жумшалды. Алар көңүлдүү эс алууну уюштурган кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыгын билдиришип, мындай иш-чараларды көбүрөөк уюштуруусун сунушташты.

 

Маалыматты даярдаган: Н.Тотоева жана Б.Шадыбекова