Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эс алуу иш-чаралары уланууда

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад  областтык комитетинин “Жайкы эс алуу-2021” алкагындагы иш-чаралары уланууда.

Көк-Жаңак шаардык комитеттин жетекчилиги менен шаар  мектептеринен 5, бакчалардан 10, балдар чыгармачылык үйүнөн 10 жалпысынан 25 билим берүү кызматкерин “Арстанбап-Ата” эс алуу жайында көңүлдүү эс алдыруу уюштурулду. Мугалимдердин 4 баласы да жолдомо  менен  эс  алууда.

Шаардык комитеттин төрайымы Ж.Рысмамбетова Көк-Жаңактык  кесиптештеринин атынан Борбордук  комитеттин төрагасы  А.Токтогуловго, областтык комитеттин төрагасы А.Исмаиловго ыраазычылыктарын  билдирип,  кесиптик  бирликтин  иштерине  ийгиликтерди  каалады.

 

Маалыматты даярдаган: областтык КБКнын инспектору А.Айдаров