Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде

          15-февраль 2018-жыл Ноокен районуна караштуу № 9 Паяз атындагы орто мектебинде  Афганчылар күнүнө карата иш-чара өтүп, ага афган согушунун ардагерлери Мунарбек Сарымсаков, Орозбек Керимбердиев, Абдысатар  Пасоновтор келип катышышты.  Иш-чарада балдар арасында спорттук таймаш өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолду. Келген коноктор өз ыраазычылыктарын билдиришип, балдардын даярдыгын жакшы деп баалашып, өз каалоо-тилектерин айтышты.                          

      Конокторго мектеп администрация тарабынан белектер берилип, сый тамак тартууланды.

 

№ 9 Паяз атындагы орто мектебинин

китепканачысы  Мурзакулова Сыргайым