Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Энелер – үйдүн куту, келечектин үмүтү

    “Эне, бала жана бешик ыры” долбоорунун негизинде элдик педагогика – эл наркы, салттуу музыканын таасиринде балдарды тарбиялап, билим сапатын көтөрөлү” деген ураан менен “Умай эне – кут ордо” коомдук фондунун демилгеси менен Сүлүктү шаарындагы №3 М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектебинде 2017-жылдын 25-апрелинде №3 орто мектептин жана Келечек балдар бакчасынын эмгек жамаатынын биргеликте уюштурган семинары болуп өттү.

     Семинарга ата-энелер, билим берүү мекеме жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү жана “Умай эне-кут ордо” коомдук фондунун төрайымы Салима Жороева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулкаана башчысы Т.Каюмовалар катышышты.

     Семинарда 6 ачык сабак, улуттук тамак аш жана кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө, Келечек балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын чыгармачылыктары, ошондой эле сахналаштырылган көрүнүштөр  болду.

     Семинардын негизги максаты энелер мектеби, үй-бүлөдөгү тарбия менен мектептеги билим-тарбиянын балага болгон таасири, билим сапатын көтөрүү болуп саналат.