Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Энекем менин ак мектеп, өстүрөт бизди алпештеп"

2021-жылдын 12-апрель күнү Лейлек айыл өкмөтүндөгү К.Сабыров атындагы орто мектебинде "Энекем менин ак мектеп, өстүрөт бизди алпештеп" атуу Энелер мектебинин семинары устатыбыз Гапыр Мадаминовдун катышуусунда жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 

Семинарга Лейлек айыл өкмөтүнө караштуу 4 мектептин: К.Сабыров, Б.Эралиев атындагы мектептер, Лейлек, Ак-Терек орто мектептеринин энелери, жаш мугалимдери, окуучулары жана мектеп жетекчилер катышышты.

 Иш-чаранын алкагында:

- Алгач Лейлектин сыймыктуу акыны К.Сабыровдун мектептеги музейи менен меймандарды тааныштыруу.

- Шакирова Мунира "Энелер мектеби" Тема: "Эне мээрими".

- Кофе брейк.

- Орозкулова Данагул "Алиппеге саякат" 1-класстарга ачык саат; 

- Гапыр Мадаминов агайыбыз жана №3 гимназиянын олимпиададан жеңген окуучуларынын Лейлек айыл өкмөтүндөгү мыкты окуган жана ЖРТга даярданып жаткан окуучулары менен жолугушуу;

- Бердиева Олончач "Энелер мектеби" 7-класс Тема: "Балдар эмне үчүн албуттанышат";

- Кадырова Буурахима "Энелер мектеби" 3-класс Тема: "Предметтик сабактарда билим билгичтик көндүм ыкмаларды өнүктүрүүдө ата-энелердин көмөктөнүүсүнө коюлуучу алтын эрежелер";

- Г. Мадаминовдун жаш мугалимдер менен баарлашуусу; 

Түшкү тамак;

Г. Мадаминовдун энелер менен жолугушуусу болду.

 

Материалды даярдаган: Лейлек райпроф комитетинин төрагасы А.Бердиев