Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эне жүрөгү – аалам түнөгү

 Жалал-Абад мамлекеттик университетинде да КРнын президентинин 2017-жылдын 22-майындагы “Кыргыз республикасындагы Энелер күнү тууралуу”  буйругунун негизинде жыл сайын жаздын эң сулуу айы  болгон май айынын үчүнчү жекшембиси асыл зат Энелерибизге арналып келүүдө.

 ЖАМУнун Рысбай Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында  “Эне жүрөгү – аалам түнөгү”- деген тематиканын алдында  “Педагогика жана маадымат технологиялар” факультетинин студенттеринин арасында майрамдык конкурс “Педагогика жана психология” кафедрасынын  баштапкы профсоюз уюмунун уюштуруусу менен өттү. Студенттердин энелери конок катары чакырылып, аларга гүлдестелер тартууланды. Конкурстун  программасындагы энелерге арналган көркөм окуулар, сахналаштырылган көрүнүштөр студттердин жогорку чеберчилиги менен аткарылып, сезимдерге жылуу таасир калтырды. Чыгарылган дубал газеталар мазмундуу жана тематикага айкалышып турду. Конкурс жагымдуу ыр, бийлер менен коштолуп,  шаңдуу аяктады.  Конкурстун жеңүүчүлөрү жана активдүү катышкан студенттер ЖАМУнун  профсоюздук комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты . Эне бар кезде балалыктан арылуу жок (С. Жейет)

 

 Н.Баитова- ЖАМУнун профкомунун президиумунун мүчөсү