Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча облустук семинар

      2016-жылдын 21-апрелинде Шамалдуу-Сай шаарчасында Билим жана илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигин Жалал-Абад облустук  комитетинин иш планына ылайык «Эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча иштерди уюштуруу иш тажрыйбасынан» темасында Таш-Көмүр шаарынын мектептеринин жана бакчаларынын базасында облустук семинар болуп өттүү. Семинарга облустук комитетин жооптуу кызматкерлери, райшааркомдордун төрагалары, укук жана эмгек боюнча тескөөчүүлөр, бухгалтерлер, баштапкы кесиптик уюмдун төрагалары,шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

      Иш-чаранын 1-бөлүгүндө Таш-Көмүр шаарынын мектептеринин жана бакчаларынын эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча иштерди уюштуруу иш тажрыйбалары менен танышышты.

2-бөлүгүндө Билим жана илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигин Жалал-Абад облустук  комитетинин кезектеги Президиумунун кенешмеси өткөрүүлүп, 6 маселе талкууланып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды. Катышуучуулар семинардын уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришип,каалоолдорун айтышты. Иш-чараны ОКнын төрагасы К.С. Мурзакматов жыйынтыктады.

         Кенешмеде Ноокен районунда эмгекти коргоо  жана коопсуздук боюнча иштердин уюштуруулушу жөнүндөгү Ноокен райкомунун укук жана эмгек боюнча тескөөчүсү А.Айдаровтун маалыматын угуп тийиштуу токтом кабыл алынды.

Материалдарды даярдаган, Ноокен райкомунун укук  жана эмгек боюнча тескөөчүсү-А.Айдаров.