Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук” семинары

Жалал-Абад шаарындагы социалдык камсыздоо мекемесинде кесиптик бирлик, билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине жана жеке менчик уюмдарынын жетекчилерине учүн семинар уюштурулду.

Семинардын максаты КР ЭК негизинде иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек келишимин түзүү, КР ЭК негизинде эмгек келишимин токтотуу, кызматкердин эмгек укуктарын коргоо жана техникалык коопсуздугун камсыздоо эрежелери жөнүндө кеңири маалымат берүү болгон.

Алгач семинарды ачуу үчүн жыйындын төрагасы Эгембердиев Алмаз сөз сүйлөп, мындай семинарларды өткөрүү туруусу, тажрыйба алмашуу өз жемишин берип жатканын белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө эмгек келишими, эмгек китепчеси жана техникалык коопсуздук эрежелери жөнүндө, бөөдө-кырсыктын алдын алуу жана бөөдө-кырсык болгон учурда кандай чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле КР ЭК боюнча буйруктардын туура жана так жазылышын камсыз кылуу максатында төмөнкү беренелер түшүндүрүлдү:

54-берене – Эмгек келишиминин мазмуну

55-берене – Эмгек келишиминин мөөнөтү

82-берене – Кызматкердин демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу

83-берене – Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу

 

Семинардын соңунда катышуучулардын ар түрдүү маселе боюнча суроолоруна так жана канааттандыраарлык жооптор берилди, катышуучулар тарабынан уюштуруучуларга ыраазычылыктар айтылды.