Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо күнүнө арналган иш-чара

 

Бүгүн 2021-жылдын 28-апрелинде Таш-Көмүр шаарындагы билим берүү мекемелеринде  “28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чарада мектептер арасында окуу-машыгуулар өткөрүлдү. М.В.Фрунзе атындагы №8 жалпы билим берүүчү орто мектебинде мугалимдер арасында  “Эмгекти коргоо боюнча билимибизди текшеребиз” темасынын алкагында тестирлөө болду. Ал эми А.Осмонбеков атындагы №9, А.Осмонов атындагы №10, Т.Шадыханов атындагы №14, В.И.Ленин атындагы №5 жалпы билим берүүчү орто мектептеринде атайын көрнөк-жарнактар, дубал газеталар, чакырыктар даярдалды. №13 “Теремок”, №2 “Ак-Кайың”, №6 “Наристе”, №3 “Байчечекей”, №9 “Ай-Данек”, №1 “Мишутка”, №7 “Керемет”, №14 “Үмүт” бала бакчаларында баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдары тарабынан түшүндүрүү иштери уюштурулуп, ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте окуу-машыгуулар, балдарга экскурссия, алгачкы жардамдар жөнүндө түшүнүктөр берилди. Коопсуздук эрежелерин сактоо иретинде атайын тренингдер өткөрүлдү.

 

 

Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаарпроф комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиева