Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо багытындагы окутуу-семинары

Жалал-Абад шаарындагы №14 «Ак тилек» мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында шаардагы бала бакча жетекчилерине окутуу-семинар уюштурулду.

Семинардын максаты - билим берүү кызматкерлеринин эмгегин коргоо багытында, Кыргыз Республикасынын иш-кагаздарынын типтүү нускамалары жана жамааттык келишимдер жөнүндө кеңири маалыматтарды берүү болгон.

Кесиптик бирликтин 2024-жылдагы иш планына ылайык, КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин 09.01.2024-жылдагы Пленумунун токтомдорун турмушка ашыруу максатында кесиптик бирлик мүчөлөрүн эмгектик жана укуктук жактан коргоо багытында окуу-семинар болуп өттү.

Алгач семинарды ачуу үчүн  кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков сөз сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду.

-“Ар бир кесиптик бирликтин мүчөсүнүн социалдык-экономикалык жана укуктук таламдарын коргоо үчүн биз талыкпай эмгектенүү менен, ушул убакытка келип турабыз. Урматтуу жетекчилер, мына сиздер менен дагы окуу семинарларды байма-бай өткөрүп, ар түрдүү маселелерди ийри олтуруп, түз чечип келе жатабыз. Андыктан, бул иштерди Кесиптик бирликтин бирден бир артыкчылыктуу багыты деп түшүнсөңүздөр болот.” – деди М.Мамасыдыков.

Төрага М.Мамасыдыков мындай окуу-семинарлар жемишин берип келе жатканын кошумчалап, жыл сайын жайкы эс алууда кызматкерлердин өз укуктарын жана милдеттерин КР мыйзамдарына ылайык окутуп келе жатканын айтты.

Окуу-семинардын жүрүшүндө Кесиптик бирликтин эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча инспектору Б.Кулмаматов эмгек келишими, эмгек китепчеси жана техникалык коопсуздук эрежелери жөнүндө кеңири маалымат берди.

Андан соң, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинети тарабынан КР иш-кагаздарынын типтүү нускамасы жөнүндө түшүндүрмө берди. Катышуучулар топ-топко бөлүнүп, ар бир топ бөлүнгөн суроолор боюнча презентация жасап, аны катышуучулардын алдында баарына жактап беришти.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси боюнча да буйруктардын туура жана так жазылышын камсыз кылуу максатында төмөндөгү статьялар түшүндүрүлдү.

БУЙРУКТАРДЫ ДАЯРДООГО ПАЙДАЛАНУУЧУ СТАТЬЯЛАР.

62-статья.   Ишке кабыл алууда сыноо

69-статья.   Башка ишке которуу

70-статья.   Орун жылыштыруу

72-статья.   Өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу башка ишке

                      убактылуу которуу

73-статья.   Бош туруп калууларга байланыштуу убактылуу

                      которуштуруу

74-статья.   Убактылуу ордун ээлөө

75-статья.   Ден соолугуна байланыштуу башка ишке которуу

76-статья.   Жумуштан четтетүү

80-статья.  Тараптардын макулдугу боюнча эмгек келишимин бузу

81-статья.   Мөөнөттүү эмгек келишимин бузуу

82-статья.   Кызматкердин демилгеси боюнча (өз каалоосу боюнча)

                     эмгек келишимин бузу

83-статья.   Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу

115-статья.  Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө

                       иштегендиги үчүн компенсация

116-статья.  Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү

123-статья.  Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнүн мөөнөтүн эсептөө

130-статья.  Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү бөлүктөргө бөлүү.

                      Өргүүдөн чакыртып алуу

131-статья.  Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү акчалай компенсация

                       менен алмаштыруу

131-статья.  Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү акчалай компенсация

                      менен алмаштыруу

133-статья.  Эмгек акы сакталбаган өргүү

136-статья.  Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү

137-статья.  Бала багуу боюнча өргүү

140-статья.  Кесиптик орто билим берүү уюмдарында окуган

                       кызматкерлер үчүн окуу өргүүсү

141-статья.  Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү

                       уюмдарында окуган кызматкерлерге берилүүчү

                       кепилдиктер жана компенсациялар

142-статья.  Кечки (кезметтик) жалпы билим берүүчү уюмдарда окуган  кызматкерлер үчүн окуу өргүүсү

145-статья.  Эмгеги үчүн сыйлоо

149-статья. Тартиптик жазанын колдонулуу мөөнөтү

Семинардын катышуучуларынын ар түрдүү маселелер боюнча суроолоруна так жана канааттандырарлык жооптор берилди. Окуу семинардын соңунда кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитетине катышуучулар тарабынан ыраазычылыктар айтылды.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад ШКБК