Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек маянаӊды эсептей аласынбы?

     Кемин райондук билим берүү кызматкерлер профсоюзу бүгүнку күндө билим берүү  мекемелеринде иштеген кызматкерлердин бирден бир кирешеси  алардын бир айда иштеп тапкан эмгек маянасы экендигин жана аларды туура, так эсептеп алууда  мугалимдердин өздөрү дагы ал тууралуу тушунук алышын көзөмөлгө алуу максатында Кемин районунун  алыскы жайгашкан аймагы болгон Шабдан ата орто мектебинде  профсоюз мүчөлөрүнун  арасында семинар өткөрүлдү. Семинарга  профсоюз мүчөлөрүнүн эмгек маянасын эсептеген эсепчилер, профсоюз комитетттеринин төрайымдары катышты. Семинардын максаты-ар бир  профсоюз мүчөсү өз эмгек акысынын туура так эсептелишин көзөмөлгө алуу болду. Семинарда  мугалимдердин эмгек маянасы кандай эсептеле тургандыгы тууралуу кенири түшүнук берилди. Өзгөчө башталгыч класстар,тилчи мугалимдердин,математик мугалимдердин эмгек маянасы тууралуу көптөгөн суроолор болду. Ошондой эле, эмгек маянага кошумча төлөмдөр педагогикалык стаж үчүн, айыл жеринде иштеген мугалимдер үчүн кошулган кошумча каражаттар жөнүндө кеӊири түшүнүк берилди. Маянадан кармалган  налогдардун суммасы жөнүндө маалымат берилди. Семинардын акырында  Билим илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин, Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берилип, слайд көрсөтүлдү.