Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек менен эс алуу айкалышкан иш-чара

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректораты жана кесиптик бирлик комитетинин биргелешүүсү менен ЖАМУнун түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, уюшулгандыгынын 30 жылдыгына карата «100 жылдыкка 100 иш-чара» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан каржыланып, университеттин ректору К.Усенов  окуу жайдын 100 жылдыгына карата жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер боюнча маалымат берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖАМУнун кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүнө активдүү катышкан, кесиптик бирликтин  өнүгүшүнө  салымын кошкон мүчөлөрүнө  "Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси, “КРнын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитеттин Ардак грамотасы”, “Жалал-Абад облустук билим, илим профсоюзунун мыктысы” төш белгилери жана “КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин "Ардак грамоталары" менен сыйланышты.

Салтанаттын жүрүшүндө ЖАМУнун профессору, техника илимдеринин доктору А. Аширалиев, аксакалдар, орто муун жана жаштардын өкүлдөрү улуттук нарк, каада жөнүндө баарлашышып, көңүлдүү маанайда ой-пикир алмашышты.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети