Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек акынын эсептелишин текшерүү жүргүзүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин иш планынын негизинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын туура эсептелишинин жана төлөнүшүн көзөмөлдөө максатында Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясы менен Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериялары өз ара анализ-мониторинг жүргүзүштү.

2021-жылдын 21-23-апрелинде жүргүзүлгөн өз ара анализ-мониторингдин жыйынтыгы боюнча мектептерде мугалимдердин айлык акысын эсептөө «билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө жөнүндөгү» нускамага дал келүү менен жүргүзүлгөндүгү аныкталды. Бардык кошумча төлөмдөр туура төлөнгөн. Тарификацияда стажы, жылы, айы менен көрсөтүлгөн, жумуш убактысын эсептөө табелдери туура  түзүлгөн, зыяндуулукка төлөнүүчү кошумча төлөм 15% өлчөмүндө эмгектин зыяндуулугун аныктоо боюнча комиссиянын чечимине ылайык билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин буйругу менен төлөнөт, жалпы тарификацияга 1% кошумча сумма берилгени  аныкталды.

Кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган иш-чара, мугалимдердин айлык акылары туура жана так төлөнгөнүнө көмөк көрсөтүү менен, алардын эмгекти коргоо талабы да аткарылганы анык. Жалпы иш-чарага катышкандардын атынан, Баткен областык комитетине, аны жетектеген З.Ботоковго чоң ыразычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен облусунан Марикехан Буванова