Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Эмгек акыларды эсептөө жана тарификацияны түзүү»

2023-жылдын 12-сентябрында Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын чоң залында райондун билим берүү уюмдарынын  жетекчилери  жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары үчүн эмгек акы жана тарификацияны түзүү боюнча Ысык-Ата райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Тыныбекованын жетекчилигинин астында семинар болуп өттү.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин аппарат жетекчиси Бедил Кадыркулов,  Чүй-Токмок райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Самат Наматов, Чүй районунун билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы  Мезгилбек Джекшенбек уулу катышышты.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтомунун жана 14-август 2023-жылындагы № 416-токтомдор боюнча слайддык материалдар колдонулуп, бардык берилген суроолорго толук жооптор берилди.

Семинардын катышуучулары ар бир сунушталган маселени талкуулоого активдүү катышышып, пикир алышуунун жүрүшүндө керектүү билимдер алынгандыгы тууралуу ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети