Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгеги жогору бааланды

2024-жылдын 17-апрелинде Ноокен районунун Д.Садырбаев атындагы айыл аймагынын №38 бакчасына Бүбайша Акматалиеванын ысмын берилгенине байланыштуу иш-чарасы болуп өттү. Иш чарага билим берүү  жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин Жалал-Абад  областтык комитетинин укук жана  эмгекти  коргоо  боюнча  башкы  инспектору А.Айдаров, Ноокен  райондук билим  берүү  бөлүмүнүн башчысы  Н.Олжобаев, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Д.Садырбаев атындагы айыл аймагынын Өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов, ардагер мектеп директорлору, Орозматов атындагы №8 мектептин, №38 “Бүчүр” бакчасынын жамааттары, айылдын кадырлуу аксакалдары катышты.

Бубайша Акматалева Ноокен районунун Орозматов атындагы №8 орто  мектебинде мугалим, окуу-тарбия иштери боюнча  директордун орун  басары, директор болуп көп жылдар  бою үзүрлүү эмгектенген. Ал жетекчи болуп иштеген жылдарда “Жылдын мыкты мектеби” наамына бир нече жолу татыктуу болгон. Мектептин жамааты республикалык кароолоордо  3 жолу   жеңүүчү болгон. Окуучулары республикалык олимпиадаларда жеңип чыгып, артыкчылык аттестаттарына ээ болушкан.

Бүбайша Акматалиеванын эмгеги бааланып, айылдык кеңештин токтому менен №38 бакчага  анын ысмы ыйгарылган.

Иш чарага чакырылган  меймандар бакчанын  жамаатына белектерин тапшырып,  жакшы  каалоо  тилектерин  билдиришти.

Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитети тарабынан “Бубайша апа” атындагы №38 бакчанын  жамаатына “Жалал-Абад” санаториясына бир жолдомо белекке берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитети