Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушуу

Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушуу. 2023-жылдын 15-декабрында өтө турган элдик курултайга катыша турган билим жана илим кызматкерлеринин арасынан Ош мамалекеттик университетинин окутуучусу, география илимдеринин кандидаты, доцент Аккулов Абжапар Ураимович жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин төрайымы Тажибаева Назипакан Кадыралиевна кесиптик бирликтин Ош областтык комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда азыркы күндөгү кесиптик бирликтердин айланасындагы маселелер боюнча өз ара пикир алмашуулар болуп, төрага аларга ийгиликтерди каалап, жакшы ойлору менен бөлүштү.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ош областтык комитети