Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык кызматташтык

    Ноокен  райондук  билим  берүү  бөлүмү  менен  Ноокен   райондук   комитеттин  ортосунда түзүлгөн  МАКУЛДАШУУда  билим  берүү  кызматкерлеринин  кесиптик  чыгармачылыгын  өркүндөтүү  багытында  биргеликтеги  иш-чараларды  жүргүзүүгө  өзгөчө  мааны  берилген. 2016-жылдын  октябрь  айында  Москва   шаарында  өткөн   КМШ  мамлекеттеринин  мугалимдеринин  жана  билим  берүү  кызматкерлеринин  4-СЪЕЗДИНИН   делегаты  Ноокен  райБББнун  башчысы  Б.С.  Козуевтин  демилгеси  жана  чакыруусу  менен  съездин  көргөзмөсүнүн   катышуучулары “Окууту  системаларын  программалык  камсыздоону  иштеп  чыгуу”  долбоорунун  Россия Федерациясындагы  директору  Шестов  Михаил  Александрович  жана Казакстандагы   директору  Кирдяев  Дмитрий   Викторович  2017-жылдын  7-февралында  Ноокен  районунда  иш   сапары  менен  болушту.

    Кочкор-Ата  шаарындагы  №14  Губкин   атындагы  орто  мектебинин   базасында    физика,   химия,  информатика,  математика   мугалимдери   үчүн  тренигдер  өтүп, инновациялык  көргөзмө   куралдар    жана  электрондун  окуу китептери  жөнүндөгү   усулдук  материалдары  менен  тааныштырышты.  Мугалимдер  тарабынан жаңылыктар   чоң  кызыгуу  менен кабыл  алынып,  меймандар  берилген  көп  суроолорго  жооптор  беришти.  Мугалимдер  меймандарга  ыраазычылыктарын  билдиришип,  илмий  жана  усулдук  иштеринде   чыгармачылык  ийгиликтерди  каалашты. Алар  Кырыгызстандыктарга  тынчтык,   бакубат  жашоо, мугалимдерге  жаңы  ийгиликтер  жана  чакыруу  үчүн ыраазычылыктарын  кубануу  менен   билдиришти.

Материалды  даярдаган: Орозова  Арзыкан   Кочкоровна- №14  Губкин  атындагы  орто  мектебинин  директору, Ноокен  райКБКнын   Президиумунун   мүчөсү.