Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык интеллектуалдардын форумунда ОшМУ айдын жарыгында академиялык кече тартуулады

    Ош мамлекеттик университетинде өтүп жаткан эл аралык интеллектуалдардын «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык» аттуу форумунун алкагында Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратынын алдында «ОшМУдагы академиялык кече» уюштурулуп, таланттардын концерттик программасы менен коштолду.

     Кечени ачып берген ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков «Улуу Жибек Жолу-экономикалык байланыштын гана жолу эмес, бул маданияттардын айкалышуусу, адамдар ортосундагы руханий байланыш, чыгармачыл, интеллигенциянын, интеллектуалдардын пикир алышуусу, диалогу, глобализациядагы негативдүү көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн, биргелешип келечекке жол издөөнүн жолу болуусу кажет.

    Жакында болуп өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын фонунда Ысык-Көл турса, бүгүнкү форумдун фонунда ыйык Сулайман Тообуз турат.

     Бүгүнкү кечеде биздин студенттер ар бир өлкөнүн тилинде ырдашат. Бирок ырыбыз, бийибиз ар башка болгону менен баарыбыздын дилибиз, тилегибиз бир экендигин жаштарыбыз жүрөгү менен сезсе деген идеябыз максатына жетет жеп ишенебиз»,-деди. Кечени студенттер дүйнөнүн 6 тилинде алып барышып, кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон «Манас» эпосу менен башталды. Таланттуу студенттер кыргыз, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды аткарып көрүүчүлөрдүн көңүлүн толкутту. Ушул эле кечеде искусство факультетиндеги таланттуу окутуучулардын, студенттердин Улуу Жибек Жолуна арналган коллекцияларынын көргөзмөсү көрсөтүлдү.

      Кеченин жүрүшүндө Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын төрагасы Султан Раев «Бүгүнкү форумубуз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына үндөш өтүп жатат. Көчмөндөр оюндарында биз күчтүн, улуттун биримдигин даңазаласак, биз бул форумда акылдын, интеллекттин идеясын ураан катары алып чыгып жатабыз.

      Дүйнөлүк апааттарга, конфликттердин карама-каршылыктарына, мезгилдин чакырыктарына бир гана альтернатива бар, ал маданият, интеллект. Интеллект гана дүйнөнү сактап калат. Биринчи идея пайда болуп, анан модернизацияланат. Биздин форумубуз байыркы, тогуз жолдун тоомундагы Ош шаарында, Кыргызстандагы билим берүүнүн авангарды болгон Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат. Дүйнөдөгү эң аттактуу университеттер региондордо жайгашкан, андыктан ОшМУ да биздин мамлекетибиздин Кембриджи болуусу керек, жаштар силер ушундай университетте билим алгандыгыңарга сыймыктангыла»,-деп, уюштуруу иши жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын белгилеп, ректор К. Исаковго, жамаатка, волонтерлорго ыраазычылык билдирди.

     Ошондой эле кеченин жүрүшүндө Эл аралык чыгармачыл ойлоо бирикмесинин президенти Дэвид Пэри Ош шаарын, Ош мамлекеттик университетин абдан жакшы көрүп калгандыгын айтса, ОшМУнун тарых факультетинин бүтүрүүчүсү, акын, РФнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, классикалык перс поэзиясынын котормочусу Михаил Синельников жаштык мезгили өткөн Ош шаары дайыма жүрөгүндө экендигин белгилеп, досу, белгилүү акын Жолон Мамытовдун ырларынын котормолорун окуду, ал эми Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРнин, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев чыгармачыл, таланттуу жаштарды өстүрүп жаткан университетте билим алып жаткан жаштардын келечеги кең экендигин белгиледи.