Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Эл аралык Эне тил” жана англис тилинин он күндүгү Таш-көмүр шаарыбызда өтүүдө

Февраль айы өзгөчө айлардын бири анткени жылда ушул айда шаарыбызда Эне тил майрамы болуп жана “Англис тили-эл аралык баарлашуунун тили” аттуу темада иш чаралар өткөрүлөт. №10 А.Осмонов атындагы орто мектебинде Америкадан келген волонтер Джон менен жолугушуу болуп, окуучулар англис, орус, кыргыз тилдеринде  чыгармаларды аткарышып, өздөрүнун чеберчиликтерин көрсөтүштү. Мектептерде кереге-газеталардын, жазуу иштеринин, чыгармалардан үзүндү аткаруу, сүрөт, музыкалык чыгармаларды үч тилде аткаруу сыяктуу конкурстар өткөрүлдү. Бардык мектептер активдүү катышышып активдүүлүктөрүн  көрсөтүштү. 

 

Даярдаган:

Профсоюздун Таш-Көмүр ШКнын төрайымы

Э.Ж.Эгизалиева