Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эки тараптуу макулдашуунун аткарылышы

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитиетинин ортосунда билим берүү тармагын өнүктүрүү, орчундуу маселелерин жана билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү максатында түзүлгөн эки тараптуу макулдашуунун негизинде бир топ алгылыктуу иштер аткарылып келет.

         Эки тараптуу макулдашуунун 4-бөлүмүнүн 11-пунктунда мектептерди жаны окуу жылына даярдоодо алдынкы деп табылган   жамааттарды  жана  предметтик олимпиадаларда областтык, республикалык денгээлге чейин жеткен  окуучуларга, даярдаган мугалимдерге моралдык жана материалдык жактан  колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ага ылайык Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов көзөмөлчү кеңеш менен биргеликте мектеп окуучуларынын областтык предметтик олимпиадасынын жүрүшүнөн кабар алды.

         Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын 3-областтык туру 2023-жылдын 27-28-февраль күндөрү болуп өттү. Анда райондун мектептеринен 33 окуучу катышып, №14 И.Губкин атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Гулшада Одилова англис тили предметинен I орун (мугалими Ирода Маматкаримова), №11 Э.Алиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Альбина Олжобаева физика предметинен II орунду ээлеп (мугалими Зулайка Юсупова) республикалык олимпиадага жолдомо алышты.

        Ал эми №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Нагима Мусаева орус тили жана адабияты предметинен  III орун, (мугалими Сыдыкова Жаңыл) №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айзирек Мамадалиева (мугалими Замира Мирзабекова) орус класстарынын кыргыз тили жана адабияты предметинен  III орунду камсыз кылды.

    Жылдын жыйынтыгы менен окуучулары мыкты көрсөткүчкө ээ болгон мугалимдерге Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан сыйлыктар уюштурулат.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети