Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Дыйкан” орто мектебинде конференция болуп өттү

Кадамжай  районунун  Майдан  айыл аймагына караштуу  “Дыйкан”  орто  мектебинде  коомдук  жана  саясий  ишмер  Султан  Ибраимовдун   90  жылдыгына  арналган  илимий  практикалык  конференция   БатМунун  жана  ОшМунун  окуумуштуулары   менен  биргеликте  өткөрүлдү.   Коференция  мектептин  чоӊ  актовый  залында  өттү.  Жалпысынан  50дөн  ашык  адам  катышты.  Кадамжай  райондук  билим  берүү бөлүмүнүн  башчысы Ж.О.Гайбуллаев, усулдук  каананын  усулчусу М.Ганыбаев, профсоюз  комитетинин  төрагасы  А.Момошов жана   А.Сарымсаков,  мугалимдер , окуучулар  катышты. 

ОшМудан жана БатМудан  келген   окуумуштуулар   көптөгөн жакшы   сөздөрдү  айтып  кетишти. “Дыйкан”   орто  мектебинин  окуучулары   өз  өнөрлөрүн  көрсөтүшүп  ыр,  бийлерин   аткарып  беришти.  Конференция  жогорку  деӊгээлде  өттү.

 

 

Даярдаган   уюштуруучу  адис: 

  Ажиева Феруза Исаевна