Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Дүйнөлүк жана кыргыз көркөм адабияттарынын көргөзмөсү тартууланды

Ош мамлекеттик университетинде "12-декабрь Адабият күнүнө"  дүйнөлүк жана кыргыз көркөм адабияттарынын көзгөрмөлөрү өттү. Алгач 10-декабрь күнү Ош шаардык борборлоштурулган тармактык китепканасы тарабынан медицина факультетинде, 11-декабрь күнү Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасы тарабынан башкы имаратта, ушул эле күнү ОшМУнун борбордук китепканасы тарабынан бизнес жана менеджмент факультетинде уюштурулду.

Аталган иш чара ОшМУнун тарбия департаменти жана ОшМУнун илимий китепканасы тарабынан демилгеленип студенттердин кышкы эс алуусунун алдынан атайын пландаштырылган, анткени жаңы дүйнөлүк, көркөм адабияттар тууралуу маалымат алган студенттер эс алуу учурун көркөм адабияттарды окуп пайдалуу өткөрсө  деген максатта уюштурулган. Ошондой эле  мындай көргөзмөнү жайкы эс алуунун алдынан да өткөрүү иши планда бар экендигин тарбия департаментинин директору З.Божонов  кошумчалады.