Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Дүйнөлүк деңгээлдеги ийгилик

2019-жылдын 14-21-март күндөрү  Бириккен Араб  Эмираттарынын Абу Даби шаарында интеллектуалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында спорттун жеке жана командалык 24 түрү боюнча олимпиада оюндары болуп өттү.

Ага Кыргызстандан 6 спортчу катышып, алардан экөө  Ноокен районундагы Ж.Ниязов атандагы көмөкчү жатак мектебинен 9-классынын окуучусу Гулзада Калыкул кызы, 8-классынын окуучусу Тариэль Эмилбек уулу машыктыруучусу дене-тарбия мугалими Зайирбек Сатаровдун жетектөөсүндө  барып катышып келишти. 

18-март күнү 100 метр аралыкка чуркоодо  Гулзада Калыкул кызы 20:01 секундда биринчи болуп келип алтын медалга ээ болду, ал эми 2-орунга кытайлык, 3-орунга ливандык спортчулар ээ болушту. 

Ошондой эле Тариэль Эмилбек уулу 100 метр аралыкка чуркоодо 4-орунга ээ болду. Бул балдарыбыздын ийгиликке жетишүүсүндө дене-тарбия мугалими Сатаров Зайирбек агайдын, жалпы мектеп жамаатынын эмгеги зор деп айтсак жаңылышпайбыз.

23-март күнү чемпиондорубузду тосуп алуу аземи өтүп, анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Ноокен райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр, Шайдан айыл  өкмөтүнүн башчысы жана жалпы мектеп жамааты майрамдык маанайда тосуп алдык.

 

Материалды даярдаган:

Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак

мектебинин директору Э. Абдурахманов