Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Дүйнө өтө чоң деп ойлочумун, апамдын кучагынан кичине экен

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында алгачкы жолу “Энелер, сиздер үчүн” аттуу энелерге болгон окуунун жолугушуусу болуп өттү. Окуунун негизги максаты бала менен эненин ортосундагы өз ара карым-катнашты күчөтүү, балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу болуп саналат. Бул долбоор Кыргызстандагы АКШ элчилиги тарабынан каржыланып, Американын Эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылып жатат. Чакан грантты АКШ элчилиги каржылаган  GCE (Global Connection Exchange) программасынын бүтүрүүчүсү Кутубаева Гулназ утуп алган. Куттубаева Гулназ Ноокен районундагы Н. Исанов атындагы жатак гимназия мектебинде англис тили мугалими болуп эмгектенип келет. Гулназ айым Ноокен районунда долбоор жазуу менен көптөгөн салымдарды кошуп келет.  Бул убакка чейин ACCESS долбоорун алгачкылардан болуп  районго алып келип, 30 мектеп окуучуларын 2 жыл акысыз англис тилин үйрөнүп, лагерлерге акысыз эс алууга мүмкүнчүлүк жараткан. Андан сырткары 9-10-класстардын окуучуларын жылда FLEX программасына даярдайт жана окуучулар АКШда 1 жыл акысыз окуп келүүгө мүмкүнчулүк алууда. 

“Эне бир колу менен бешикти терметип, бир колу менен дүйнөнү терметет. Келечекте ар бир үй бүлөдө гений жана ийгиликтүү бала өсөт деп ишенем. Ага ата-эненин туура колдоосу гана керек. Бул долбоордун негизги максаттарынын бири десем жаңылышпайм.  Ата-энелер балдарына бере турган эң баалуу белеги – бул балдарына берген туура тарбия жана билим. Эне балдарына болгонун бөлүшөт. Ошондуктан биринчи кезекте энелерди тарбиялообуз, окутуубуз керек деп эсептейбиз. Көптөгөн ийгиликтүү адамдарга энелери колдоо көрсөтүшкөн. Биздин долбоордо да активдүү энелер деп ойлойм.  Азыркы күндө райондун аймагынан 100 дөн ашык энелер тандалып алынган. Ушул долбоордун алкагында Г.Мадаминов агайыбыздын “Ата-энелер сиздер үчүн” аттуу китеби 100 энеге акысыз таркатылды.

Учурдагы "COVID-19" илдетинин таралуусун алдын алуу максатында, алар мыкты тренерлерден 2 айлык онлайн тренингден өтүшөт” – дейт Гулназ Кутубаева.

Материалды даярдаган:

Ноокен райКБКнын инспектору Т .Бакиров