Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Директорлор жана профкомдор акыл таймашта сыналды

Баткен областындагы билим берүү уюмдарынын жаңыдан дайындалган жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага/төрйымдарынын арасында өткөрүлүүчү “Брейн-ринг” интеллектуалдык оюнунда Сүлүктү шаарынын “Адилет” командасы катышты.

Оюн абдан кызыктуу, пайдалуу болду. Оюнга даярдануу менен билим берүү тармагындагы мыйзамдар, укуктук-ченемдик актылар, иш берүүчү менен кызматкер ортосундагы эмгек мамилелери, кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү боюнча билимдер бекемделди. Иш берүүчүнүн практикада кездешүүчү кээ бир талаштуу кырдаалдарда мыйзамдуу, так чечимин биле алышты.

Оюнга катышуу менен мектеп директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага/төрайымдарынын ортосунда иштиктүү пикир жана тажрыйба алмашуу болду.

Мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген үчүн иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирилди. Айрыкча, оюндун райондук турун күчтүү атаандаштыкта, жогорку деңгээлде уюштурган, колдоо көргөзгөн билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапаровичке өзгөчө ыраазычылыктар айтылды.

Агартуучулук максатындагы иш-чараларды дагы да өткөрүп, билим берүү кызматкерлерине ар тараптуу колдоо керек экенин айтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети