Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Дени сак улут - дени сак өлкө!

“2018-жыл – Кыргыз Республикасында региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында жана Сүлүктү шаарынын 150 жылдык маарекесине карата билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети тарабынан шаардагы билим берүү кызматкерлеринин арасында “Ден соолук – 2018” спартакиадасы өткөрүлдү.

Спартакиада спортту өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо жана улуттук спорт оюндарын пропагандалоо максатында уюштурулуп, спорттун волейбол, стритбол, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана аркан тартыш түрлөрү боюнча өткөрүлдү.

Спартакиадага жалпы билим берүүчү мекемелердин 9 командасы катышышты жана ар бир спорттун түрү боюнча атайын калыстар тобу бекитилип, мелдеш эң кызыктуу жана кызуу өттү.

22-марттан 26-мартка чейин болуп өткөн билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы каникул мезгилинде убакытты туура пайдалануу, ден соолукту чыңдоо жана спортко болгон кызыгууларды арттыруу боюнча өзгөчө манилүү да кызыктуу да болду. Албетте “Күч атасын тааныбайт” же “Мыктылар дайыма жеңишке жетет” дегендей спартакиаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктарды тапшыруу аземи 26-мартта В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинин спорттук залында болду.

Спартакиаданы уюштуруп өткөрүү жана  жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн 5000 сом, шаардык билим берүү бөлүмүнөн 10 000 сом жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинен 25000 сом бөлүнүп, 1-орнду ээлеген командаларга кубоктор, акчалай сыйлыктар жана ар бир команданын катышуучуларына 1-2-3 орундарга медалдар, грамоталар, 1-2-3 даражадагы дипломдор тапшырылды.

Сыйлыктарды тапшыруу аземинде билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров баардык катышуучуларды куттуктап, алардын активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Окуу жылынын аяктап келаткандыгын белгилеп, жакшы жетишкендиктери менен аяктоого тилектештигин билдирүү менен келе жаткан “7-апрель элдик революция күнү” жана “Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү”  менен да куттуктап кетти.

Жыл сайын салтка айланган бул спорт жумалыгында жаштар менен катар активдүүлүгүн көрсөткөн аксакалдарды да өзгөчө белгилеп, ардагер спортчу деген наам ыйгаруу менен, 6 ардагерлерге акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле бул жумалыкта команданын жеңишине зор салым кошуп, ийгиликтүү жана мыкты оюн көрсөткөн спортчулар да өзгөчө белгиленип, 9 мугалимге акчалай сыйлыктар берилди.