Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Дени сак өлкө -дени сак келечек

17-май күнү Бишкек гуманитардык университетинде “Студенттердин ден соолугуна кам көрүү маселелери ” аттуу тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго  Республикалык студенттик поликлинакадан атайын адистер, профкомдун мүчөлөрү, тарбия иштери боюнча декандын орун басарлары, БГУнун медпунктунун өкүлдөрү жана студенттик кеңештин төрагалары катышты. Иш чаранын жүрүшүндө адистер өздөрүнүн кеңештерин берип, атайын тартылган видео ролик көрсөтүштү. Ар түрдүү суроолорго жоопторду алышты. Тегерек столду уюштурууда БГУнун медпункту демилге көтөрүп,  жетекчилик тарабынан колдоого алынып, профком тарабынан өткөрүлдү.