Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ден –Соолук 2016» Кара-Көл шаарында өткөрүлгөн Жалал-Абад облустына караштуу райондор аралык мугалимдер спартакиадасы.

     Жалал-Абад областык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзу менен Жалал-Абад областына караштуу райондук билим берүү профсоюздары биргеликте областык мугалимдер спартакиадасын жогорку денгеелде уюштуруп беришти.

     Кара-Көл шаарында өткөн облустук спартакиадага Токтогул районунан жалпы кырк төрт билим берүү кызматкерлери барып катышып келишти. Алар спорттун беш туру боюнча Токтогул районунун намысын коргошту. Областык спартакиадада биздин мугалимдерибиз жакшы жетишкендиктер менен кайтып келишти, атап айтсак тогуз коргоол мырзалар биринчи орун, тогуз коргол айымдар биринчи орун, волейбол айымдар үчүнчү орун, волейбол мырзалар төртүнчү орун, теннис айымдар үчүнчү орун, теннис мырзалар үчүнчү орун, шахмат мырзалар төртүнчү орун, шахмат айымдар төртүнчү орун, ордо атмай төртүнчү орун жогорудагы жетишкендиктери менен жалпы командалык эсеп боюнча биздин мугалимдерибиз экинчи орунду алышты. Жалал-Абад обласынын билим беруу профсоюзунун төрагасы К.Мурзакматов Токтогул районунун билим берүү кызматкерлеринин жетишкендиктери менен куттуктап,  жана аларга колдоо көрсөтүп жетектеп алып келгендиги үчүн  Токтогул райондук профсоюз уюмуна тереӊ ыраазычылык билдирди.