Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ден - соолук - 2017 Спартакиадасы»

Ош  областтык  кесиптик  бирлик  комитети   ОшМЮИнин   спорттук    базасында    2017- жылдын  12 – 13 – май  күндөрү   райшаар,  окуу  жайлар  арасында    спорттун   6 түрү   ордо,  тогуз – коргол,  стол -тенниси,  шахмат,  волейбол,  кичифутбол  боюнча   «Ден – соолук  - 2017  Спартакиадасын»  уюшкандыкта,  мыкты   деӊгээлде  өткөрдү.   Спартакиаданы,  ОПКнын   төрагасы    С.Тойгонбаев   катышуучуларды  куттуктап    сөз  сүйлөө  менен    ачык  деп   жарыялап,  Гимн  ырдалып,  туу  көтөрүү  аземи  болду.

    ОМЮИнин   ректору, профессор   Э.Токторов    куттуктап    сөз  сүйлөдү.   Андан,  башкы  калыс    мелдешти  баштоо   боюнча   жарыялап,  мелдештер  башталды.    Спорттун   ар  бир  түрү  боюнча  жеӊүүчүлөр   аныкталып,   упайлары   командалык   жалпы  упайларга    кошулуп,   жалпы  байгелүү   орунга   жетүүгө   салымдарын   кошуп  жатышты.

   Эки  күнгө  созулган    мелдештин    жыйынтыгы    төмөндөгүчө  болду :

  Командалык    I    орунга   ОшМУ;

  командалык     II   орунга  Кара –Суу  району;

  командалык    III орунга  ОшТУ ;

  командалык    IV орунга  Ноокат   району   татыктуу  болушту.

 Спорттун  ар  бир  түрү  боюнча  жана  жалпы  командалык  байгелүү  орунга   жетишкендер   ОПКнын    дипломдору,   атайын  жасалган   кубоктору  жана  баалуу  белектер   менен   сыйланышты.   Белектерди   С.Тойгонбаев    жана   Э.Токторов   тапшырышты.   Соӊунда   С.Тойгонбаев  Спартакиаданы  жабык  деп   жарыялады.

 

 

                             Ош  областтык  кесиптик  бирлик  комитети