Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Ден-соолук – 2017” облустук спартакиада

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда мугалимдер арасында “Ден соолук -2017” облустук спартакиадасы болуп өттү. Спартакиадага Ноокен районунан да спортчу мугалимдерибиз катышып, бир катар байгелүү орундарды камсыз кылышты. Тактап айтканда:

Шахмат (аялдар)                 -        1 орун

Тогуз коргоол (аялдар)     -        1 орун

Воллейбол (эркектер)        -        2 орун

Шахмат (эркектер)             -        3 орун

 

Ар жыл сайын өткөрүлүүчү бул иш чарага быйылкы жылы областтык жана райондук комитеттер  өзгөчө көңүл бурушту. Анткени катышуучулардын жатаканасы, тамак-ашы, берилүүчү сыйлыктарды (кубок, медаль, грамота, диплом) камсыз кылууну областтык комитети колго алса, райондук комитет спортчу мугалимдердин жол акысы, спорттук формалары менен камсыз кылышты.

         Иш чара жогорку деңгээлде өтүп, жалпы катышуучулар областтык комитетке жана райондук комитетке ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Ноокен райондук комитеттин мүчөсү,

№35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору

Улан Уметов