Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ден соолук көркү - спорт

2023-жылдын 30-31-мартында Кадамжай районундагы Б.Айтматов гимназия мектебинин базасында мугалимдер арасында спартакиада болуп өттү.

Спорттук мелдеш Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитети, дене тарбия жана спорт сектору менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты Билим берүү кызматкерлеринин ден соолуктарын чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун  арттыруу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу.

Спартакиада оюндун волейбол, шахмат, футбол, тогуз коргоол түрлөрү боюнча өткөрүлүп, жалпы 14 команда катышты.

Мелдештин соңунда жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышып, кесиптик бирликтин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Ю.Момошовго терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кадамжай райондук комитетинин кызматкери У.Халилова