Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ден соолук-2024» спартакиадасы

Токтогул районунун мугалимдер арасында «Ден соолук-2024» спартакиадасы өткөрүлдү.

Токтогул райондук билим берүү бөлүмү жана Токтогул райондук комитети тарабынан грамота, кубок, акчалай сыйлыктар жана эң жакшы оюн көрсөткөн оюнчуларга кызыктыруучу сыйлыктар коюлган.

Жалпы спорттун төрт түрү боюнча 1-орунду ээлеген командаларга 36000 (миң) сом каралды. 2-орунду ээлеген командаларга 27000 (миң)сом, 3-орунду ээлеген командаларга 15000 (миң)сом бөлүнүп берилди.

Эң жакшы оюн көрсөткөн оюнчуларга 10500 сом жана уюштуруучу жалпы судьяларга 13500 сом каралды. Спартакиада 28-мартта жыйынтыкталды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Токтогул райондук комитети