Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Ден соолук - 2024” спартакиадасы

2024-жылдын 16-март күнү  Сузак районунун билим берүү кызматкерлеринин “Ден-солук 2024” райондук спартакиадасы болуп өттү.

Ага Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы М.М.Примкулов , Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук  комитетинин төрагасы Н.А.Урайимов , ардагер мугалимдер жана Сузак районундагы айыл өкмөттөрдөн келген командалар катышты.

Спортакиада спорттун  1. Волейбол (эркек жана аялдар)

  1. Шахмат (эркек жана аялдар)
  2. Тогуз коргоол (эркек жана аялдар)
  3. Стол теннис
  4. Ордо түрлөрү боюнча өткөрүлдү .

Аймактардан келген командалар мыкты даярдыкта келишип,  спартакиада жогорку денгээлде өттү.

Жеңүүчүлөргө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитети жана Сузак райондук комитети тарабынан кубок, диплом жана баалуу белектер тапшырылып, аймактардан келген командалардын келип - кетүү чыгымдары каржыланды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети