Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ден-соолук-2024» спартакиадасы

2024-жылдын 16-мартында билим берүү кызматкерлеринин “Ден-соолук-2024” спорт иш чарасы өтүп, анда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы М. Примкулов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сариев, Сузак райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Н.Урайимов жана билим берүү кызматкерлеринин спорт командалары катышты.

Иш-чарада Жалал-Абад областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы М.Примкулов спортчуларды куттуктап, жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн  областтык комитеттин бюджетинен каражат болуп берилгендигин белгиледи. Райондук жетекчилер катышуучуларды куттуктап, спорттук мелдешттерде  ийгиликтер кааалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитеттин инспектору - А.Айдаров