Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ден – соолук 2018» мугалимдердин райондук, шаардык спартакиадасы жыйынтыкталды

     Талас райондук, шаардык билим берүү бɵлүмү жана  Талас райондук, шаардык билим берүү тармактык профсоюз комитети биргеликте  уюштурган мугалимдердин спартакиадасынын финалы 26 – майда болуп ɵттү. Бул күнү оюнга 19 – майда ар бир аймак боюнча ɵткɵрүлгɵн оюнда  жеӊишке  жетишкен командалар келип  катышышты.

      Мугалимдер спорттун ордо, тогуз коргоол, шахмат, волейбол, футбол, стритбол, стол тенниси түрлɵрү боюнча ат салышышты.

      Оюн чоӊ атаандаштыкта ɵтүп, жеӊишке жетишкен командалар дипломдор менен сыйланышты.

       Спартакиадада I орунду камсыздаган командалар Талас району жана Талас шаарынын мугалимдер командасы ɵз – ɵзүнчɵ команда болуп облустук турга катышууга укук алышты.

Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектебинин профсоюз уюмунун тɵрагасы  Жуманалиев Татыбек Анарбекович